Караколдун ажайып паркына саякат

Паркты түптөгөн Жыргалбек Өмүрзаков. Жалпы аянты 38256 гектар.

Узак тоо-карагайлуу жолдо басып, чет элдик саякатчылар саламаттыгын чыңдашат.

Паркта негизинен Тань-Шань карагайы өсөт, ал ээлеген аянт 3341 гектар.

Паркта 700 түрдүү өсүмдүк катталган, бак-дарак жана бадалдардын 80 түрү бар.

“Каракол" улуттук паркында 37 кызматкер ар кыл тармакта иш алып барат.

Ал эми жайлоону ижарага алып бээ байлап кымыз жасап, чет жактан келгендерди тейлегендер быйыл 73 боз үйдү байырлады.

Былтыркы жылы "Каракол" улуттук жаратылыш паркынын бюджетине 460 миң сом каражат түшкөн.

Быйыл 6 ай ичинде улуттук жаратылыш паркы бюджетке 300 миң сом төккөн.

Жаратылыш багында "Каприз", "Каракол" лыжа базалары жайгашкан.

Бул жакта да тазалык башкы маселе.

Эс алуучулар калтырган таштандылар

Парктын ичиндеги жолдорго капиталдык ремонт керек.

Каражат улуттук парктын постунан өтүп жаткан чет элдик туристтер жана жергиликтүү тургундардан түшөт.

Жөө маршрут менен тоолорду кыдырууга чыккан чет жактан келген туристтерге 250 сом, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келгендерге 50 сом, кыргызстандыктарга 5 сом.