Бүгүн 24-июнда D группасындагы Уругвай жана Италия келерки айлампага чыгуу үчүн беттешет. Группанын лидери Коста-Рика аутсайдер Англия менен ойнойт.
C группасынын лидери Колумбия Жапония менен, Грекия болсо Пил Сөөгү жээги мамлекетинин курамасы менен таймашат.
Кечээ күнкү А группасындагы беттешүүлөрдө Мексика Хорватияны 3:1, Бразилия Камерунду 4:1 эсебинде утту. В группасындагы Нидерланддар - Чили беттешүүсү 2:0 эсебинде бүтүп, эки команда тең келерки айлампага чыкты. Эмки этапта Нидерланддар Мексика менен, Чили Бразилия менен беттешет. В группасынын аутсайдерлери Испания менен Австралия беттешүүсү 3:0 менен бүттү.