Көчөдөгү көргөзмө

Виктор Цой жетектеген граффити сүрөтчүлөрү бул  Лев Толстой-Панфилов көчөсүнүн узун дубалын өзүнчө эле чоң галереяга айлантышкан.

Бул жолу  граффитичилердин алтынчы эл аралык фестивалына  кыргызстандыктардан  тышкары сегиз  чет өлкөлүк сүрөтчү чакырылган.   

Келген  коноктор негизинен франциялык жана германиялык сүрөтчүлөр. Бишкектик сүрөтчүлөр  да өздөрүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүштү.

Граффитичилер сүрөттөрү аркылуу  кандайдыр бир  коомчулуктун көйгөйүн, ал боюнча айтайын деген ойлорун көчө боюндагы атайын дубал беттерине  тартып билдиришет.

Байыркы адамдар аска бетине, пирамидалардын,  храмдардын дубалдарына сүрөт тартып келсе, граффитичилер  дубал бетине тартып, алардын жолун кандайдыр бир деңгээлде улап аткандай сезилет. 

"Эки бакыр, бир тукур" деген макалды эске салгандай юморлуу сүрөт. 

"Basicolors"  тобунун  ушундай атта журналы да чыгып атыптыр. Бул жолу анын экинчи саны  жарык көргөнүн билдиришти.

Тамгаларды жазуу  да өзүнчо искусство. Чыгыш каллиграфиясы баарыга белгилүү. Батыш каллиграфиясы - граффитичилерге таандыктай. 

Адам фантазиясында чек жок. Робот  жаныбар.

Ар бир адам ар кандай түшүнчү  табышмактуу  сүрөтттөр. 

Технократия заманынын  символдору.

Граффитичилердин арасында жаныбарларды жакшы көргөндөр да бар экен. Алардын бири - Германиялык сүрөтчү Бёрн Жейн.

Абстрактуу  тамгаларды тарткан аббревуатурачы  Ту Роуд  француз сүрөтчүсү экен. Өз  атын чыгармачылыктагы каймана ысмы менен атады. 

Мынчалык татаал тамгаларды окуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Сүрөтчү болсо башкаларды таң калтырууну, баарын табышмактатууну көздөйт.

Ай-аалам, космостун символундай бул сүрөт  да өзүнчө  терең  сыр. 

Фестивалдан кийин  фестивалдын катышуучулары  Ысык-Көлдө эс алышат экен. Эс алуу менен бирге сүрөт тартып иштешет экен.