Нури ал-Малики улуттук биримдик өкмөт куруу чакырыгын четке какты

Жон Керри менен ал-Маликинин сүйлөшүүсү. Багдад, 23-июнь, 2014-жыл

Ирактын премьер-министри мындай турумун бүгүн теледен жасаган кайрылуусунда ачыктады:

-Конституцияга, жаш демократиялык жараянга каршы чыккандар менен элдин пикирин уурдап кеткиси келгендердин, алар атагандай улуттук куткаруу өкмөтүн түзүү жөнүндөгү чакырыктардын артында абдан коркунучтуу максат турганы ирактыктардын эч кимисине жашыруун эмес. Улуттук куткаруу өкмөтүн түзүү жөнүндөгү чакырыктар Конституцияга жана саясий жараянга каршы төңкөрүш болот.

Шийилердин өкүлү Нури ал-Маликинин шайлоо блогуна Иракта 30-апрелде өткөн шайлоодо парламенттеги 328 орундун 92си тийген.

Улуттук биримдик өкмөттү түзүүгө чакырыктар суннилердин козголоңуна каршы туруунун бир аргасы катары айтылган эле.

“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген топ башкарган сунни согушкерлери учурда өлкөнүн түндүгү менен батышынан бир топ аймакты ээлеп алды.

Апта башында Багдадда болгон кезинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри ал-Маликини саясий күчтөр менен группалар толук камтылган жаңы өкмөттү түзүүгө үндөгөн.

Ал Күрд автоном аймагынын лидерлери менен да кездешип, аларды өлкөнүн бүтүндүгүн урматтоого чакырган.

Бүгүнкү маалыматтарга караганда, согушкерлер Ирактын эң ири аба базасына кол салышты. Бул аралыкта өкмөттүк күчтөргө кол кабыш кылуу үчүн АКШдан аскерий кеңешчилердин алгачкы тобу келди. (UE)