Орозонун башталышы бир күнгө жылышы ыктымал

Муфтияттын фатвасына ылайык, 28-июнь - Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилген. Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленген. Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгышына карай бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.  Бул тууралуу "Азаттыкка" муфтийдин орунбасары Равшан ажы Эратов билдирди:

- Эгер жаңы ай 27-июндун кечинде көрүнсө, 28-июндун таңында ооз бекитип, орозо кармай баштасак болот. Эгер ай көрүнбөй калса, Рамазан айы 29-июнда башталат. Азырынча, биздин эсеп боюнча ай эсептөөдө өзгөрүү боло элек. Эгер алмашуулар болсо жарандарга кабарланат.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши орозо-битирдин баасын акчалай 32 сом деп белгиледи. Битирди базардагы баасына карай, буудай, арпа, мейиз, курма сыяктуу жемиштер менен берсе да болот.

Рамазан - мусулмандар үчүн эң ыйык ай. Бул айда орозо кармоо же таң агаргандан каш карайганча наар албай жүрүү мусулмандын беш парзынын бири катары эсептелет. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну мусулмандар. (SE)