Кыргызстан ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышууда

Өткөн жуманын соңунда башталып, 2-июлга чейин Азербайжан борбору Баку шаарында боло турган сессияга Жогорку Кеңеш депутаты Роза Акназарова баштаган делегация катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. 

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 23-сессиясы  “Экстремизм, радикализм жана ксенофобиянын өсүшү ЕККУ үчүн чакырык” деген темада өтүүдө. Кыргыз парламенттик делегациясынын курамындагы Өмүрбек Текебаев, Анвар Артыков, Улукбек Кочкоров, Чыныбай Турсунбековдор  Ассамблеянын комитеттеринин жыйындарына катышты.  (AiT)