Түрк премьери Эрдоган августта президенттик шайлоодо ат салышат

Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган августта президенттик шайлоодо ат салышат. Бул тууралуу башкаруучу “Акыйкаттык жана Өнүгүү партиясы” кабарлады. Партиянын төрагасынын орун басары Мехмет Али Сахиндин Анкарадагы жыйында жасаган жарыясын партия мүчөлөрү көпкө созулган кол чабуулар менен тосуп алышты.

Эрдоган өзү партиялаштарына кайрылып: "Эгер биз 10-августта шайлансак, анда мен бир партиянын же топтун эмес, бүтүн Түркиянын президенти болом. Мен мага добуш бергендерге гана эмес, баарына бирдей президент болом, - деди. - Мындай эч ким шек санабашы керек".

Түркиянын өкмөтүн 11 жыл башкарган Эрдоган чыккынчылар жана террористтер менен байланышкан жаңжалдарга карабай өлкөдө дале популярдуу саясатчылардын бири катары саналат. Эрдоган өлкөдөгү экономикалык өсүштүн башында турду, бирок соңку жылдары күчөгөн авторитардык мүнөздөгү башкаруусу үчүн сынга алынып келатат.

Ал партиянын эрежелерине ылайык кайрадан премьерликке көрсөтүлө албайт. Быйыл 28-августта президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Абдулла Гүл болсо кайрадан шайлоого катышпай турганын айткан.