“Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети”(ИЛИМ) кыймылы мусулмандарга кайрылып, ислам мамлекетин курууга көмөктөшүүнү суранды. Ушу тапта Ирактын жана Сириянын айрым бөлүктөрү ИЛИМ башындагы сунни согушкерлеринин ээлигинде. 1-июлдагы аудиокайрылууда ИЛИМдин лидери Абу Бакр ал-Багдади өзүн дүйнөдөгү мусулмандардын халифи деп да атады.
Кайрылуу Ирак армиясы Тикрит шаарын ИЛИМ башындагы согушкерлерден бошоткондон соң жасалды. Шаарды козголоңчулар 11-июнда басып алышкан болчу. Эки күн мурда “ал-Каида” менен санаалаш ИЛИМ өз кол астындагы жерлерди халифат деп жарыялаган.
Жаңы шайланган Ирак парламентинин 1-июлдагы алгачкы сессиясы төрага тандалбай бүттү.