Милиция кармаган жаш активисттердин ишин сот карап жатат

Баткендеги проблемаларды чечүү талабы менен Бишкекте «Шералы хандын чокойу” аттуу акция уюштургандардын ишин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири, активист Мавлян Аскарбеков билдирди. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 371-беренеси – “Милиция кызматкерине баш ийбөө” боюнча күнөөлөнүүдө.

Жаш активисттер бүгүн журналисттерге маалымат жыйын куруу үчүн Маданият министрлигинин жанындагы Исхак Раззаковдун айкелинин алдына топтолгон. Президентке тартуу кылуу максатында өздөрү менен кошо маасы жана “Алмазбек Атамбаевге Баткендин элинен” деген жазуусу бар кутучаны ала келишкен. Милициядан кабарлашкандай, кутунун жана чокойдун ичинде чөп-чар менен бир сомдук купюрадагы акча болгон.

Иш-чарага Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, Айбек Мырза, Мелис Аспеков сыяктуу беш-алты активист чыккан.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алар уруксат албай туруп акцияга чыкканы үчүн кармалганын билдирген.

Активисттер муну көйгөйдү көтөрүп чыккандарды куугунтуктоо аракети катары сыпаттап жатат.

Соңку маалыматка караганда, сот бүгүн кармалгандарга эскертүү берип кайра кое берди. (SE)