“Реемтсма Кыргызстан” фабрикасы жабылганын жарыялады

Буга өндүрүштүк базанын чоңдугу, бирок өндүрүлгөн продукциянын аздыгы себеп болгону кабарланды. Компаниянын жетекчилиги менен 2-июлда жолуккан вице-премьер-министр Валерий Диль келечекте фабриканы өзгөртүү, жумушсуз калган жарандарга кам көрүү маселесин көтөргөн.

“Реемтсма Кыргызстан” фабрикасы тамеки чыгарып келген. Ал эл аралык “Imperial Tobacco Group» компаниясына таандык болгон. (AiT)