Ош: Борбордук базардагы соода түйүндөрү кайрадан текшерилет

Ош шаардык мэриясы борбордук базардагы соода түйүндөрүнүн чек арасын кайра аныктоо иштерин баштады. Калаа мэринин буйругуна ылайык, базар ичиндеги ар бир жеке менчик объекттин чек арасы, анын ээси аныкталып, документ түзүлөт.

Шаардык аткаруу бийлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда базар ичинде 194 жеке соода жайы бар, анын 18и гана мамлекеттик акт алган, калгандары техникалык паспорт менен иштеп жүрөт.

Ош шаарынын мурунку мэринин тушунда базарды Кулатов кичи районуна көчүрүп, ордуна Ак-Буура дарыясын бойлой сейил бактарын ачуу пландаштырылган болчу.

Борбордук базар Оштогу эң башаламан объект катары айтылып жүрөт. (YI\SE)