Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн жарыялоо дагы которулду

Адвокат Осунбек Жамансариевдин билдирүүсүнө караганда, Бишкек гарнизондук соту апрель окуясы боюнча  өкүмүн жарыялоону 7-июлдан 21-июлга которду. Муну  менен соттун чечимин чыгаруу  үчүнчү жолу которулууда. Маалыматка караганда, сот мындай чечимди каралган иштин көлөмдүүлүгүнө байланыштуу кабыл алды. Апрель окуясы боюнча 28 киши соттолууда. (AiT)