Атамбаев: Масалиевдин эмгеги - Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү

"Абсамат Масалиевдин өмүр жолу, жасаган эмгеги - Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү" деп айтылат президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн жолдогон куттуктоосунда. Куттуктоонун текстин эстеликтин ачылыш салтанатында чогулгандарга президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев окуп берди. Анда "Бүгүн Кыргызстан Абсамат Масалиевдей жаратман, таза жана чынчыл инсандарга муктаж" деп да айтылган.

Кыргыз эл баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак.

Бүгүн Ош шаарындагы Масалиевдин ысымын алып жүргөн проспектте анын эстелиги ачылды. (RK)