Нарында таланттуу майып балдардын концерти өттү

“Эне эмгеги” кайрымдуулук коомунун таланттуу балдары бүгүн Нарын шаарында концерт беришти. Билет 100 сомдон сатылып, 300дөн ашык киши келди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келип акчалай жардам көрсөттү.

“Эне эмгеги” коомун 2009-жылы балдары майып энелер түзгөн. Соңку эки жылдан бери ыр-бийге шыгы бар майып балдардан атайын топ түзүлүп, ал кайрымдуулук жана коммерциялык концерттерди берип келүүдө. Кайрымдуулук иш-чаралары айрыкча балдар үйлөрүндө, майыптар, кароосуз калгандар үчүн бекер уюштурулат. Ал эми билет сатып өткөргөн концерттен түшкөн акчаны балдар өз муктаждыгына пайдаланарын "Азаттыкка" коомдун жетекчиси Индира Сыдыкова билдирди.

Буга чейин мындай концерттер Ош, Жалал-Абад, Талас жергесинде өткөрүлгөн.

"Эне эмгеги" уюмунда 100дөй майып бала бар, алардын үчөө Нарындан. Ал эми музыкалык топтун курамына 20 бала кирет. (TSh)