МАИчилер "май кармайбы?”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент жол кыймылы тууралуу мыйзамды бир топ катаалдатты, мындан ары мас абалында машине айдагандар 20 миң сомго чейин айыппул төлөйт же 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. МАИчилер бул мыйзам жол кырсыктарын азайтат деген жүйөнү кармап атышат, айдоочулардын көпчүлүгү болсо бул тескерисинче МАИчилердин коррупциясын күчөтөт дешет. Бул ирет талкууга Республикалык жол-кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев жана Бишкек шаардык МАИ башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулу катышты.