FIFA-2014: Бразилия Голландиядан жеңилди

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта кечээ үчүнчү орун үчүн беттешүү болуп, Бразилия Голландиядан 0:3 эсебинде жеңилип калды. 9-июлда Бразилия Германиядан 7:1 эсебинде утулуп калган.

2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнөлүк биринчиликтин чейрек финалында Голландия Бразилияны 2:1 эсебинде жеңип алган.

Бүгүн Аргентина менен Германия дүйнөлүк чемпионатта биринчилик үчүн беттешет. (AzK)