Путин менен Меркел Украинадагы абал деградацияга баратканын белгилешти

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Рио-де-Жанейродогу жолугушуусунда “Украинадагы абал деградацияга түшүп кеткенин” белгилешти.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, эки лидер Украинадагы абалды жайгаруу үчүн кризистик топту жаңылап, шашылыш видео-конференция өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Украина боюнча буга чейин Меркел менен Путин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Меркел Путинден Украинанын чыгышындагы жикчилдердин ок атуусун токтотуу үчүн өз таасирин колдонууга чакырган.