15-июлда Акматбек Келдибековго байланыштуу сот уланат

Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, бул күнү эгерде Келдибековдун ден соолугу жол берсе, Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековго коюлган айыптарды кароого киришет.

10-июлда баштала турган сот Акматбек Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу 15-июлга которулган. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынганын билдирип келатат. (AiT)