Кыргыз жана казак өкмөт башчылары мунай маселесин талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун жолугушуусу 12-июлда чек арадагы “Ак жол”-“Кордай” өткөрүү пунктунда болду. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда мунай жана мунай азыгын Кыргызстанга экспорттоо, Казакстанга эт сатуу маселеси, ошондой эле “Түз инвестиция боюнча кыргыз-казак фондун активдештирүү" жаатында сүйлөшүү болду.  

Жыйынтыгы боюнча толук маалыматты өкмөт кийинчерээк кабарлай турганын билдирди.

Казакстан аймагында 30 миң тоннанын тегерегинде Орусиядан Кыргызстанга келаткан күйүүчү май өткөрүлбөй турат. (SE)