Ооганстанда жарадар болгон чехиялык жоокер каза болду

Чехиянын Коргоо министрлиги билдиргенине караганда, Ооганстанда өткөн жумада болгон жардыруу учурунда жараланган чехиялык дагы бир жоокер көз жумду. 8-июлда жанкечти Парван вилайетинде жайгашкан чет мамлекеттик аскерлердин базасына кол салганда 16 киши набыт кеткен, алардын ичинде чехиялык 4 аскер бар болчу. Министрлик жарадар болгон жоокер кечээ Ооганстандан Прагадагы аскердик госпиталга алынып келгенин маалымдады.

Чех өкмөтү Ооганстандагы контингентин калтырарын билдирди.