Кыргызстандагы буддизмдин издери

Кызыл - Өзөн  байыркы  шаарындагы төрүндө Будданын чоң айкели турган, жаңы табылган үчүнчү храмдын жалпы көрүнүшү. 

Храмдын төрүн ээлеген беш метрлик бул Будданын тегереги бир кездерде абдан жасалгалуу жана кооз болгону анын тегерегиндеги калдыктардан улам белгилүү болуп отурат. 

Жаңы табылган  үчүнчү кечилкананын храмындагы беш метрлик Будда. Ал түштүк-чыгышты карап, мандаш токунуп отурган калыбында белинен ылдый гана сакталып калган. Башы храм ураганда  талкаланса керек.  

Будданын алдына коюлган идиш жана бир кездеги кооз  жасалгалардан калган калдыктар.

Үчүнчү  храмдын  ичинде, беш метрлик Будданын алдынан табылган фрагменттер.  

Ушул тегеректе, чоң  аймакты ээлеп жаткан байыркы чоң шаар - Кызыл - Өзөндүн  чыгыш тарабынан табылган Карахан мезгилиндеги  турак-жай  калдыгы.  9-11-кылымдарга таандык.
    

7-8-кылымдардагы  Будда храмы. Бул - археологдор  1960-жылдары тапкан экинчи храм. 80-90-жылдары үстү жабылып, мамлекеттин коргоосуна алынган. 

7-8-кылымга таандык экинчи храмдын чыгыш капталы. 

Экинчи  храмдын  дубалдары.

7-12-кылымдардагы  археологиялык эстеликтин бири - шаардын  бийик чеби, сепил.  Чынында эле бийик  кырдын башында ушундай курулуш бар экен.