Style mix тобу “Жаңы толкунга” Юрмалада даярдык көрүп жатат

Кыргызстандык Style mix тобу эл аралык “Жаңы толкун” ыр сынагына катышуу үчүн Юрмала шаарында даярдык көрүп жатат. Эки жигит жана бир кыздан куралган топ Юрмалага өткөн жумада жөнөп кеткен. Сынак 22-27-июль күндөрү өтөт.

Кыргыз ырчылары бул популярдуу сынакка 2008-жылдан бери катышат. Алгач ырчы Омар барып, Алла Пугачеванын атайын сыйлыгына татыктуу болгон. Андан бери “Жаңы толкунга” Айбек Замирбеков, Арсен, Бек Исраилов жана Айбек Бакытбеков катышты. (SE)