Израил аймагына ракета атылганын ырастоодо

Израил куралдуу күчтөрүнөн билдиришкендей, Газа тилкесинен атылган ракета Ашкелон шаарына тийди. Анын алдында бир нече саатка гуманитардык жарашуу жарыяланганы менен Израилдин аймагы Газадан минометтон аткылангандыгы маалымдалган. Инциденттен жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Хамас тобу окуя боюнча комментарий жасай элек. Израил менен Хамас Улуттар уюмунун гуманитардык тыныгуу тууралуу чакырыктарына жооп иретинде 5 саат ок атышпоого көнүшкөн. 10 күндөн бери Израилдин аба соккулары жана палестиналыктардын ракета атууларынан Палестинанын 220дан ашуун тургуну жана израилдик бир киши набыт кетти.