Өкмөт башчы Ош менен Жалал-Абадды кыдырууда

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапары башталды. Өкмөт башчы Оштогу кышка даярдык жана аймактагы суу чарбасында жүрүп жаткан иштер менен таанышат.

Жалал-Абад облусундагы “Датка” подстанциясынын, Үч-Коргон ГЭСинин абалы, Жалал-Абад - Маданият унаа жолундагы маселелерди карайт. Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде жүрүп жаткан жумуштарды, облустук оорукананын ишин көрөт. Соңунда Токтогул Сатылгановдун күмбөзүнө барып, акындын 150 жылдыгын өткөрүүгө жүрүп жаткан даярдык менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (SE)