Казакстанда кармалган күйүүчү май маселеси териштирилет

Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Уланбек Кулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 12-июлда эки өлкө премьер-министрлеринин жолугушуусунда 500 вагонго жакын күйүүчү майдын кармалыш жагдайын териштирүү тапшырмасы тиешелүү органдарга берилди.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 500 вагонго жакын күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстан бажысы күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйөнү келтирүүдө.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча Казакстанда кармалып турган май үч тараптуу келишим түзгөн ортомчу компанияга таандык. Ал эми Кыргызстан - Орусия ортосунда эки тараптуу келишимдин негизиндеги жүк ташуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. (BkA/EBM)