Кылкылдап поезд баратса...

Июльдун 18инен тарта Бишкек - Балыкчы каттамындагы поезд аптанын ар күнү таңкы 6:30 да темир жол вокзалынан аттанат.

Бир адамга билет баасы болгону 69 сом, ал эми 8 жашка чейинки тестиерлер үчүн бул сумманын жарымын гана төлөйсүз.

Вагондордун ичи мурункудай плацкарт болбой, жүргүнчүлөр үчүн атайын орундуктар менен жабдылган.

Узун жолду айрымдар китеп окуу менен кыскартса...

башкалар жүгөрү жеп кыскартышат.

Термеле ылдамдаган поездди булуттар терезеден аңдып ээрчийт.

Рейстин камын жеп эрте турган жүргүнчүлөр уйкусун толуктоо менен алек.

Поезд болсо станциядан станцияга карай өз жолун улайт.

Орточо төрт жарым саат жүргөн бул сапар кээ бирин эриктирсе...

Жаңы тааныш тапкан кээ бирлерди эргитет.

Терезе сыртында ажайып Сары-Өзөн талаалары.

Ар бир поезддин өз каармандары бар. Узатуучу Жолдош байке өмүрүнүн 40 жылын темир жолго арнаган.

Ал эми Валентина темир жолчулардын үй-бүлөсүнөн. Анын энеси да борт коштоочу болгон, өзү да 25 жылдан бери темир жол жүргүнчүлөрүн тейлеп иштеп келет.

Темир жол Боом капчыгайын аралап, жүргүнчүлөргө керемет көрүнүштөрдү тартуулайт.

Жол камын көрө келгендер өз тамагын жешсе...

Камы жоктор поездде аны муну сатып күн көргөн Гүлүмкан апанын потенциалдуу кардарлары.

Бишкек - Торугарт кан жолун бойлогон поезд каттамы автоунааларга караганда жайыраак жүргөнү менен кыйла коопсуз.

Тоо аралаган поездде жаштар келечек жөнүндө ой жүгүртсө,

Улуулар өткөндү эстегенсийт.

Поезд жүргүнчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эс алууга бара жаткан жаштар жана үй-бүлөлөр түзөт.

Вагондун жарымы толсо, жарымы толбогон бул каттамда шарттарды дагы жакшыртып, жаштарды тартуу үчүн wi fi сымал заманбап элементтерди кошуп, дагы көп кардар тартууга неге болбосун.