25-июлга карата аба ырайы

25-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31,
Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 29...34,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус болот.