Кыргызстандын карызы 3.5 миллиард доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күнгө карата 3 миллиард 591 миллион долларды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган отчетто айтылат. Ага ылайык, 3 млрд. 346 млн. доллары тышкы, 245 млн. доллары ички карыз болуп эсептелет.

Өткөн жылдын декабрына карата мамлекеттин тышкы карызы 3 млрд. 102 млн. доллар болчу.(BkA)