Токмокто волейбол мелдеши өттү

Бүгүн Токмок шаарында волейбол боюнча мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовду эскерүүгө арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков кабарлады. Анын айтымында, мелдешке өлкө аймактарынан келген 7 команда мөөрөй талашты. Жыйынтыгы эртең чыгарылмакчы.

Былтыр бул мелдеште баш байгени Оштун “Өзгөн” командасы жеңип алган.(KMa)