Грузиянын прокуратурасы мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге кылмыш ишин ачты. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Саакашвили 2007-жылы ноябрда Тбилисидеги антиөкмөттүк демонстрацияны күч менен таратып, “Имеди” телестанциясына рейд жасатып, “басып алып” кызматын кыянаттык менен пайдаланган.
Ушундай эле кылмыш иштери 2007-жылы Саакашвили менен чогуу иштеген жогорку кызмат адамдарына да козголду.
Экс-президент Саакашвили бүгүн сурак бергени Башкы прокуратурага келбей койгон. Ал Грузияны былтыр экинчи президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин таштап кеткен. Саакашвили 28-июлда Фейсбуктагы бетинде Грузияга качан барганды өзү билерин жазды.