Украин армиясы 10 аскеринен ажырады

Украиналык 14 жаран, анын ичинде 10 жоокер орусиячыл жикчилдердин буктурмасына кабылып өлдү. Окуя Донецк облусунун Шахтерск шаарынын ныптасында болду. Украин армиясынын өкүлү Алексей Дмитриевскийдин маалымдашынча, 4 жаран аскерби, согушчанбы же жайкын адамбы, али такталууда.

Шахтерск жикчилдер жаңылыш атып алды деп айтылып жаткан малайзиялык учак 17-июлда кулап түшкөн жай. Авиалайнер кулаган жайга нидерландиялык жана австралиялык эксперттер 31-июлда биринчи жолу жетишти. Бирок бүгүн улам аткыланып жаткандыктан ал жайга өтө алышпады.