Шинжаң Уйгур автоном районунда террорчу деп шектелген сегиз адам жок кылынды. Полициянын Хотан префектурасындагы рейди маалында бир адам камакка да алынганын Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттиги 1-августта кабарлады. Бул рейд 28-июлда бычак-союлдар менен куралданган чоң топ адамдар Яркенд шаарында жана Шинжаңда полиция бекеттерине, ошондой эле өкмөттүк имараттарга кол салгандан кийин өткөрүлдү.
28-июлдагы тополоң кезде 100гө жакын адам жайран болгон. Сүргүндөгү уйгур группалары өлгөндөрдүн көбү уйгур улутундагылар экенин билдирди.