Кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыгып, жол буулду

Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Тажикстандын бир топ тургундары учурда Кожалы айылынан Ак-Сайга жана Ворух анклавына барчу жолду бууп турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн тажикстандыктардын мал-жандыктары кыргыз тарапка өтүп, эгиндерди жеп салган. Малды кыргыз чек арачылар кармап алган. Андан соң тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир жеңил унаанын айнектерин талкалашкан. Тажик жарандарына мал-жандыктары кайтарылдыбы-жокпу, азырынча белгисиз.

Абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кырдаал январь айынан бери татаалдашып турат. 10-июлда болгон ок атышуудан кийин абал ого бетер курчуп кеткен.  (SE\JsA)