Түркмөн президенти өзүнө эстелик коюуга уруксат берди

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы бийлике келип, мурдагы президент Сапармурат Ниязовго коюлган бардык эстеликтерди, анын ичинде алтын жалатылып жасатылганын дагы алдырган эле.

25-июлда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовго эстелик коюу уруксаты менен анын өзүнө өкмөт өкүлдөрү кайрылган. Алардын айтымында, мындай сунуш элден түшкөн. «Калктын өтүнүчү - мыйзам” деген президент Ашхабадда өзүнүн алгачкы айкелин орнотууга макул болду.

Өлкө башчысынын эстелигин курууну колдогон жыйналыштар дээрлик баардык мекеме-ишканаларда өткөрүлдү. Айкел сентябрдын башында Ашхабаддын эң кооз жерине орнотулмак болду.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы бийлике келип, мурдагы президент Сапармурат Ниязовго коюлган бардык эстеликтерди, анын ичинде алтын жалатылып жасатылганын дагы алдырган эле.