Айтиева: "Ош шейиттери" ОБОН эмес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош менен Жалал-Абатта ОБОН атка конгон ажаан аялдар июн коогасы боюнча соттордо айыпкерлерди, күбөлөрдү сабап, адвокаттарга кол салып келатышат, бирок аларга каршы бир да кылмыш иши козголуп, аягына чыккан эмес. Оштогу ОБОНдун артында расмий катталган «Ош шейиттери» уюму турат жана аны шаардын мэри Мырзакматов каржылап, өзүнө зарыл болгондой колдонот деген өйдө-төмөн сөздөр айтылып келет. Бул кинелердин анык-чынын билүү үчүн Жаңыл Жусупжан Ош шейиттеринин төрайымы Тургунайым Айтикеевага бир катар суроолор менен кайрылды. Айтикеева алды менен Ош шейиттери боюнча иштерине токтолду.