Казат Акматов менен маек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казат Акматов жазган ашынган улутчулдукту ашкерелеген романдын котормосунун бет ачаары Лондондо болот Казак Акматовдун жаңы китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачаары Лондондо 20-июнда өтөт. Хердфордшир басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, «Эрика Клаустун 13 кадамы» деп аталган китептин бет ачаарына жазуучу өзү катышат. Кыргызча жазылган романды англисчеге калифорниялык котормочу Элизабет Адамс которду. Казат Акматовдун айтымында, анын «Архат», «Шахидка» деген чыгармалары да англис тилине даярдалууда. Жазуучу телефондон Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берди.