Египет: Кечээ жана бүгүн (2-бөлүк)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Египетте саясий бийлик алмашты, экс-президент Мурси аскерий жетекчиликтин чечими менен кызматтан кетүүгө мажбур болду, өлкөнү утурумдук башкарууга убактылуу президент дайындалып, техникалык өкмөт курулууда. Эскерте кетсек, бийликтен кулаган консервативдүү исламчыл «Мусулман агайындар» кыймылынын өкүлү Мохаммед Мурси туура бир жыл мурун демократиялык жол менен шайланып, президенттикке келген.