"Супура салды"- энелердин майрамы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын көптөгөн той-мааракелери же көңүл ачуучу оюн-зооктору негизинен эркектердин жигердүү катышуусу же жалаң эле эркектердин катышуусу менен өтөт. Бирок аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн жыйналыштар да жок эмес. Алардын бири – Супура салды жөрөлгөсү. Азыр анын такыр жоголуп баратканына жергиликтүү айымдар тынчсызданып жатышканына кабарчыбыз Төрөкул Дооров жакында Лейлек районундагы Көк-Таш айылына барган кезде күбө болгон.