Айтматов: Улуттук идеология эки ооз сөз эмес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Буга утурлай “Азаттык” жазуучунун архивде сакталып калган маегин угармандарга сунуштоону чечти. Маек 2006-жылы жазылып алынган. Анда Айтматов жаңы жарык көргөн “Тоолор кулаганда, же зардар кыз” аттуу чыгармасы, анын мазмуну, улуттук идеология  тууралуу ой бөлүшкөн. Бишкектеги “кул базар” аттыккан жердеги жаштарга зээнин кейиткен. Жазуучуга кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы суроо салган.