2013: Тилинен жаңылгандар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кызыктуу окуяларга бай Кыргызстанда жыл ичинде “тилинен жаңылган” атактуулардын сөздөрү да кызуу талкууларга жем таштады. Өзгөчө кыргыз президентинин айткандары интернеттеги талкуулардын өзөгүн түздү десек болот. Ага улай эле камактагы депутат Келдибековдун жубайы “журналисттерди чөгөлөтөм” деп ачууланса, Ош мэри Мырзактов “Оштун кожоюнумун” деп аша чаап сүйлөп алганы үчүн кызматтан алынды.