Улуу Памир - 35: – Акбар Кутлу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуу Памир 35 программасынын жаңы саны ооган кыргыздарынын айкелчиси Акбар Кутлунун чыгармачылыгына арналат. Көк мелжиген аска-зоолордо бүгүн да таштан чегилген айкелдери «катып» турган Акбар Кутлу агасы Малик экөө көркөм өнөрдү тоо койнунда өз алдынча өздөштүрүшкөн. Бүгүн түркиялык университетте сабак берген Акбар Кутлунун чыгармачылыгын атасы Рахманкул хан жаштайынан колдоп, шарт түзүп берген.