Ауэзов: Астанадагы мурасканада кыргыз экспонаттары да болот

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын бай тактысы Астанада жаңы Улуттук музей ачылды. Ичинде алтын куш айланып учуп жүргөн казактардын бул дагы бир жаңы архитектуралык жана маданий борборунда кыргыз, өзбек жана башка борбор азиялык элдерден да экспонаттар болоорун Азаттыкка Мухтар Ауэзов атындагы кордун президенти Мурат Ауэзов билдирди. Ауэзов ошондой эле буга чейин Ысык-көлдө өтүп келген Жибек Жол диалогу деп аталган форум августтун этегинде Казакстандын Боровое (Бурабай) курортунда өтөөрүн бышыктады. Жаңыл Жусупжан Алматыга телефон чалганда Мурат Ауэзов сөзүн Астанадагы музейден баштады.