Нарын: Алмаз Суранов мэрдин милдетин аткарат

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул боюнча буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейинки мэр Баатырбек Жээнбеков өткөн айда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Суранов буга чейин шаардын биринчи вице-мэри болуп иштеп келген.(BkA)