Кыргызстанда газ чарбасын өнүктүрүү боюнча программа даярдалат

Мындай тапшырманы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Энергетика министрлиги менен “Газпром Кыргызстан” ишканасына берди. Ага ылайык, аталган мекемелер бир айдын ичинде өлкөдөгү газ чарбасын өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыгышы керек. Анда борбор калаа Бишкек баш болуп жаңы курулган үйлөргө жана жаңы конуштарга газ жеткирүүнүн, эскирген газ түтүктөрүн алмаштыруунун жолдору камтылмакчы. Ошондой эле орусиялык “Газпром” компаниясынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу да көрсөтүлмөкчү.

Былтыр жыл аягында “Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылган. Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Газпром Кыргызстан” ишканасына өткөрүлүп берилген. “Газпром” “Кыргызгаздын” бардык карыздарын төлөө, Кыргызстанга 650 млн. доллар инвестиция салуу жана үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин алган болчу.

Ал арада апрелден бери Ош шаары газсыз отурат. "Кыргызгаз" ал жакка газды Өзбекстандан тартып келчү. Бирок ишкана Орусияга сатылгандан кийин өзбек тарап куурларын жаап койгон.(BkA)