Кыргыз-тажик чек арасындагы адам өмүрүн алган атышуу боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү түштөн кийин Ошто жолугушат. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
Окуянын жагдайын жана себептерин билүү максатында Тажикстандын Жерге-Тал тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусуна Чоң-Алай районунун акими, райондук милиция башчысы катышары күтүлүүдө.
9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон. Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, аңчылар чек араны мыйзамсыз өтүшкөн жана окуя болгон тажик аймагында колго түшүрүлгөн.
Алардын жанынан 8 огу менен мергенчи мылтыгы табылган. Кыргызстандык эки жаран учурда Тажикстандын атайын кызматынын Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 3 жаран тең Оштун Чоң-Алай районунун тургундары экени тастыкталды. Окко учкан жарандын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. (UEz)