Кыргыз өкмөтү жети айдын жыйынтыгын талкуулайт

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен быйылкы жылдын жети айынын ичиндеги экономикалык өсүш талкууланат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жети айдын ичинде ички дүң продукция 103.3% өскөн. Бирок бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн көрсөткүч. Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, тейлөө, айыл чарба жана курулуш тармагында көрсөткүчтөр төмөн болууда. (AiT)