Сирияга кеткен баласын издеген ата-эне президенттен жардам сурады

2012-жылдын 9-декабрында Египеттен билим алам деп кеткен боюнча дайынсыз кеткен 28 жаштагы Токмоктун жашоочусу Элнур Сардаловдун ата-энеси аны издеп табууга жардам сурап президентке кат жолдошту.

Элнурдун атасы Абдымиталип Сардаловдун айтымында, уулу алгач Стамбулга, андан кийин Египетке кеткен.

- Баламды билим беребиз деп алдап алып кетишти. Ошондон бери дайыны жок. Орусиядагы эжеси менен СМС аркылуу сүйлөшкөндө жакында Сирияга согушка аттанарын айтыптыр,- деди ал.

Сардаловдун маалыматына таянсак, Элнур 15-августта Сириядагы жарандык согушка аттанат. Алар баласынын дайынын билип берүү боюнча  буга чейин УКМКнын райондук бөлүмүнө кайрылышкан.

УКМКнын маалыматына таянсак, Сирияга аттанган кыргызстандыктардын саны жүзгө жакын. (UEz)