Тиш догдурлар шаардыктарды эки күн бекер тейлейт

31-август эгемендүүлүк күнүнө карата шаардык тиш догдурлар Бишкек тургундарынын тиштерин акысыз дарылайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

“Саламат тиштер” акциясы 27-29-август күндөрү өтөт жана ага жаңы конуш жашоочулары да катыша алат. Бул үчүн  шаардын тишти дарылоо бөлүмдөрүндө жана аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда акысыз кызмат көрсөтүлөт. Иш-чара тиш ооруларынын алдын алууну жана ага кам көрүүнү көздөйт. (UEz)