“Центерра голд инктин” кеңешчилери Бишкекке келишти

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. 14-августта Бишкекте “Центерранын” кеңешчилери менен кыргызстандык адистер жолугушуп, Кумтөр боюнча келишимдердин долбоорлору талкууланды.  “Центерранын” жетекчилиги коопсуздугунан чочулап,  Бишкекке келбей жатканы маалым. Кыргыз өкмөтү 13-августтагы кеңешмесинде Кумтөр боюнча келишимдерди тездетүүнү жактаган. (AiT)