Ошто ири өлчөмдөгү гашиш менен тажик жарандары кармалды

Бул тууралуу маңзатка каршы кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Алай районунун кыргыз –тажик чек арасынын жакын аймагында Тажикстандын 4 жараны кармалган. Алардын жанында 26 килограмм гашиш маңзаты болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча маңзатты Кыргызстанга сатуу үчүн алып келе жатышкан.

Бул боюнча кылмыш иш козголуп, кармалгандар камакка алынды.(BkA)